Тажикстандын Монополияга каршы күрөш кызматы азык-түлүктүн кымбатташынын себептерин талдады. Текшерүүнүн жыйынтыгында мекеме "баалар атайылап көтөрүлгөн эмес" деген тыянакка келген.
Монополияга каршы күрөш кызматы кымбаттоого бир канча жагдай, анын ичинде сырттан ташылып келген чийки заттардын кымбатташы таасир эткенин билдирди.
"Азык-түлүктүн кымбатташынын башка дагы себептери болгон. Мисалы, өткөн кышта Пакистандан картошка импорту токтоп калып, буга байланыштуу анын баасы 57 пайызга көтөрүлүп кеткен",- деп айтылат мекеменин маалыматында.
Былтыр жазында өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы азык-түлүк 20 пайызга кымбаттаганын белгилеп, мунун себептерин аныктоону өтүнүп ушул мекемеге кайрылган.