Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Чүйдө жер тилкесинин сатылышы боюнча кылмыш иши козголду


Аламүдүн районунан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.
Аламүдүн районунан бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Чүйдүн Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө 70 сотых жер тилкесинин сатылышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери Аламүдүн райондук жерге жайгаштыруу, мүлктү каттоо башкармалыгынын өкүлдөрү менен бирге жер боюнча мыйзам актыларын бузуп, айыл чарба багытындагы 70 сотых жер тилкесин 49 жылга убактылуу пайдаланууга берип салышкан.

Кийин тилкени трансформация кылбай жана сынак өткөрбөй 125 миң сомго сатып жиберишкен. Ошол эле кезде участоктун базар баасы 7 млн. 356 миң сом деп эсептелген. Жер тилкеси андан кийин дагы бир нече колго өтүп кеткен.

Бул иштер 2011-жылы башталып, 2016-жылга чейин уланган. Учурда тилкеге үйлөр курулуп калганы аныкталды.

Факты боюнча Башкы прокуратура ишин Кылмыш кодексинин 304-305-350-беренелеринин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Жер боюнча мыйзамдарды бузуу", "Жасалма документтерди даярдоо жана колдонуу") негизинде козгогон. Иш боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тергөө жүргүзүлүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG