Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

“Huawei” “Акылдуу шаар” долбооруна 60 млн. доллар инвестиция жумшайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт коопсуздукту камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга, кылмыштардын бетин ачууга, террористтик жана криминалдык коркунучтардын алдын алууга багытталган «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырыш үчүн «Huawei Technologies Co., Ltd» компаниясы менен инвестициялык келишимге 11-январда кол койду. Келишимге кыргыз тараптан Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов кол коюп, ага премьер-министр Сапар Исаков баштаган тийиштүү өкмөт өкүлдөрү катышты.

Маалыматка караганда, келишимде долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, Бишкек, Ош шаарларынын аймагында жана Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолдорун, “Манас” эл аралык аэропортуна кетчү чоң жолду эксплуатациялык-техникалык тейлөө жагы көрсөтүлгөн. Жумшалган инвестициянын көлөмү болжолдуу түрдө 60 млн. АКШ долларын түзөт. Жабдуу жана программалык камсыздоо менен иш алып баруучу адистерди даярдоо да инвесторлордун атынан чыккан «Beijing China Veterans Lingxin Capital Management» компаниясынын жана «Ака минералз энд майнинг» ишканасынын милдеттерине кирет.

Инвестициялык келишимге ылайык, инвестор долбоорду ишке ашыруунун толук наркын төлөп берет.

- "Акылдуу шаар" долбоору биздин өлкө үчүн актуалдуу жана маанилүү. Ал жол коопсуздугу тармагындагы татаал абалды жөнгө салып, жалпы жолунан биздин жарандардын коопсуздугун күчөтөт. Ошол эле учурда бул долбоорду ишке ашыруу татаал болуп жатат. Бирок биз бул кыйынчылыктарды жеңип, инвесторлор менен чогуу биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, жол коопсуздугуна байланышкан коррупцияны жоюу жана кылмыштардын бетин ачуу, маморгандардын ишиндеги тазалыкты жана ачыктыкты жогорулатуу боюнча максатыбызга жетебиз деп ишенем, – деди Сапар Исаков.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. Программанын алкагында “Коопсуз шаардын” ордуна “Акылдуу шаар” долбоору ишке ашырылмакчы.

Милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кылып, жол кырсыктарын азайтууга багытталган “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу бир топ жылдан бери айтылып жүрөт. Бирок бул долбоордун айланасында сот иштери болуп, ал ишке ашпай калган. Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларына, стратегиялык мааниси бар жолдорго видеокөзөмөл камералары орнотулмак. (КЕ)

XS
SM
MD
LG