Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:20

Улакчы жигиттин чилдеде суудан улакты издеген видеосу талкууга түштү


Куттубек суудан улакты издеп жаткан учуру.
Куттубек суудан улакты издеп жаткан учуру.

Улакчы жигит Куттубек Ташыбековдун чилдеде тоңуп турган сууга түшүп кеткен улакты алып чыкканы Интернетте кызуу талкууга алынууда. Окуя 11-январда Бишкектин четиндеги көк бөрү оюну учурунда болгон. Интернет колдонуучулардын айрымдары муну эрдик катары бааласа, башкалары анын ден соолугуна кызыгышууда.

Куттубектин жубайы Бегимайдын "Азаттык" үналгысына айтканына караганда, жолдошунун саламаттыгы жакшы:

- Азыр анын ден соолугу жакшы, бүгүн адаттагыдай эле жумушуна кетти.

Куттубек Ташыбеков күнүгө Казакстандын аймагына барып-келип иштейт. Ал көк бөрү учурунда чөнтөк телефонун сууга түшүрүп алгандыктан, өзү менен байланышуу мүмкүн боло элек. (SDz)

XS
SM
MD
LG