Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 16:56

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө киргизилген чектөө бүгүн эртең мененки саат 08:00дөн тартып алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кечээ,11-январда Жайыл районундагы "Сосновка" постунда түшкү саат 12:00дөн кийин тыгындардын алдын алуу жана жолду тазалоо зарылчылыгынан улам оор жүк ташуучу чоң автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилген болчу.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 12-январдан 16-январга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат: 12-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG