Өткөн жылы Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча 210 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинде парламенттин алтынчы чакырылышындагы беш депутатка, эки сотко, бир прокурорго жана төрт министрлик менен мекеменин жетекчилерине козголгон иштер бар. Андан мамлекет 1 млрд. 448 млн. сом зыян тарткан. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын жыйынында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчисинин орун басары Тилек Чокморов кабарлады. 210 иштин 72си кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы, 14ү опузалап акча талап кылуу, 10у бажы жана салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн козголгон.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча жалпысынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 9 депутатка кылмыш иши козголгон. Алар - “Ата-Мекен” фракциясынан Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова, “Кыргызстан” фракциясынан Канат Исаев, “Бир болдон” Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров, КСДПдан Музаффар Исаков, Нурмахамат Баяхунов жана “Республика – Ата Журттан” Өмүрбек Бабанов. (КЕ)