Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Бишкекте сөз эркиндигине арналган талкуу өтүп жатат


Сөз эркиндиги боюнча талкуу. 12-ноябрь, 2018-жыл
Сөз эркиндиги боюнча талкуу. 12-ноябрь, 2018-жыл

Бишкек шаарында өтүп жаткан жыйында иш-чараны уюштурган “Адилет” укуктук клиникасы сөз эркиндиги жана пикир айтуу укугуна байланыштуу соңку жагдай тууралуу отчетун жарыялады. Анда массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге жана укук коргоочуларга карата соттук доолор, мыйзамдык өзгөртүүлөр жана алардын кесепеттери анализденген.

Иш-чарага депутаттар, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар, эксперттер, журналисттер жана Акыйкатчы институнун өкүлдөрү чакырылган.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму 2017-жылдагы сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстанды 85-позициядан 89-позицияга жылдырып, сөз эркиндигинин абалы начарлаганын белгилеген. Мунун себебин эл аралык уюм өткөн жылы Кыргызстанда медиа каражаттарына карата соттук доолор көбөйгөнү менен байланышырган.

Кыргызстанда былтыр Алмазбек Атамбаев президент учурунда "анын кадыр-баркына доо кетирилген" деген айып менен "Zanoza.kg" сайтынын журналисттери Нарын Айыпка, Дина Масловага жана белгилүү укук коргоочу Чолпон Жакуповага жалпысынан 30 миллион сомдук доо коюлган. "Жалган маалымат таратты" деген негиз менен журналисттерге жана укук коргоочуларга ири суммадагы акчалай айып салган дагы эки сот иши бар.

Мындан тышкары жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы берген арыздын негизинде жыл аягында "24.kg" агенттиги менен журналист Кабай Карабеков 10 миллион сом доого жыгылышты. Бул жагдайды эксперттер жана укук коргоочулар сөз эркиндигин чектөө жана саясий куугунтук катары баалап келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG