Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Айтматовдун атын Бишкектеги райондордун бирине берүү сунушталды


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын Бишкектеги Биринчи май районуна ыйгарууну сунуш кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, Таластын Шекер айылындагы эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Рысалиев райондун атын өзгөртүүгө кеткен чыгым үчүн таластыктарды бир күндүк маянасын которуп берүүгө чакырды.

Ушул тапта премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт өкүлдөрү, айрым депутаттар Кара-Буура районунун тургундары менен жолугушууда. Өкмөт башчысын вице-премьер-министр Даир Кенекеев, эл өкүлдөрү Зарылбек Рысалиев жана Рыскелди Момбеков коштоп жүрөт.

Алар Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралардын ачылышына катышат. Мындан тышкары Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушат.

Буга чейин Шекер айылындагы Күркүрөө маданий үйүндө белгиленген премьер-министр Сапар Исаковдун эл менен жолугушуусу кеч башталганы кабарланган.

Өкмөттүн маалымат кызматынан премьер-министр аба ырайына байланыштуу жолдо кармалып калганын билдирди. (КЕ/AlS)

XS
SM
MD
LG