Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Милиция кыздай кийинген баланы коркуткан видеонун чоо-жайын иликтөөдө


Кумсалыкты үгүттөөгө каршы нааразылык.
Кумсалыкты үгүттөөгө каршы нааразылык.

Милиция кызга окшоп кийинип жүргөн баланы коркутуп, шылдыңдаган видео боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Адыл Оморов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Интернетке белгисиз адамдардын кызга окшоп кийинип, жасанып жүргөн баланы чечинтип, шылдыңдаган, тапанча менен коркуткан видео тараган. Азырынча видео кайда жана качан тартылганы белгисиз.

Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы үчүн жаза алынып салынган. Бирок укук коргоочулар кыргыз коомчулугунда сексуалдык азчылыктарга карата сабырсыз маанай басымдуулук кыларын белгилешет. Ошол эле учурда кумса, бисексуал жана башка адамдардын укугун коргоо аракеттерин “Батыштын бузуку саясаты” деп сындагандар да жок эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG