Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Ысык-Көлдө жабырлануучуну үтүк менен кыйнаган топ кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүн тоноп, жабырлануучуну үтүк менен кыйнаган беш кишиден турган топ кармалды. Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун “Азаттык” радиосуна кабарлаганы боюнча, бул окуяга байланыштуу Сары-Камыш айылынын 25 жаштагы тургуну былтыр 24-декабрда арыз менен кайрылган.

- Жабырлануучунун айтымында, таңга маал саат 5терде үйүнө беткап кийген үч киши кирип келген. Уурулар үйдөн телефон, 4 миң сом жана алтын буюмдарды алып кетишкен. Мунун алдында алар үй ээсин коркутуп, согончогуна ысык үтүк басып кыйнашкан.

Усубакунов окуяга тиешеси бар киши катары беш адамдан турган топ колго түшкөнүн, алар Нарын, Талас жана Чүй облусунун тургундары экенин билдирди. Маалыматка караганда, үч киши үйдү карактоого киргенде экөө эшикте күтүп турган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Карактоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, колго түшкондөр убактылуу кармоочу жайга камалды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG