Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Жаза аткаруу кызматы Текебаевге байланыштуу кайрылууну карайт


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге байланыштуу депутаттардын кайрылуусун карайт. Бул тууралуу бүгүн бул кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна кабарлады. Кайрылуу мекемеге бүгүн келип түшкөн, эми ал тиешелүү бөлүмгө же жетекчилерге тапшырылат.

Он чакты депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилигине мурдагы кызматташы Өмүрбек Текебаевди кадимки ооруканага которууну өтүнүп 11-декабрда кайрылуу жиберген. Экс-депутат менен абакта жолугуп чыккан саясатчылар Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкашканын билдиришкен болчу.

21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.

Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.

Текебаевдин адвокаттары аны актоону өтүнүп, БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярданууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG