Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Бишкекте алтай жазуучусу Бедюров менен окурмандары жолукту


Жолугушуу учуру. 12.1.2018.
Жолугушуу учуру. 12.1.2018.

Бишкектеги "Шанс" китеп дүкөнүндө Алтай Республикасынын Эл жазуучусу, Орусия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бронтой Бедюров менен окурмандардын жолугушуусу өтүп жатат. Ага окурмандар жана Кыргызстандын Жазуучулар бирикмесинин өкүлдөрү да катышууда.

Бронтой Бедюров алтай элинен чыккан заманбап жазуучу, акын, публицист, коомдук ишмер катары таанымал. Ал коомдук уюм тарабынан "Алтай эл башчысы" деген коомдук кызматка да шайланган. Учурда ал Кыргызстан жана Алтай республикасынын ортосунда түзүлгөн "Алтай-Манас-Талас" эл аралык коомдук фондунун тең төрагасы.

Аталган уюм эки өлкөнүн маданий байланышын чыңдоо максатында түзүлгөн. Билим берүү тармагы боюнча да кызматташып, студенттер гранттык негизде билим алат. Жолугушууда алтай жазуучусу окурмандарга өз чыгармачылыгы, кыргыз эли менен алтай элдеринин окшоштуктары, түпкү байланышы тууралуу айтып берди. (КЕ/ZA)

XS
SM
MD
LG