Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Азербайжан: журналист Мухтарлы алты жылга абакка кесилди


Балакан райондук соту.
Балакан райондук соту.

Азербайжандын Балакан райондук соту журналист Афган Мухтарлыны алты жылга эркинен ажыратты. Прокуратура Мухтарлыны "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "ири суммадагы акчаны аткезчилик жол менен алып жүргөн" жана "расмий адамдарга акаарат келтирген" деп айыптап, аны сегиз жылга абакка кесүүнү соттон өтүнгөн.

12-январда акыркы сөзүн сүйлөгөн азери журналист өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары мүнөздөп, президент Илхам Алиевдин өкмөтү "биздин үнүбүздү баса албайт" деп айтты.

Алиевдин айланасындагы адамдардын коррупциялык аракеттери тууралуу жазып жүргөн Мухтарлы 2015-жылы өз өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, жубайы Лейла менен Грузияга качкан. Бирок журналист 2017-жылдын май айында Тбилисиде дайынсыз жоголуп, бир күндөн кийин ал Бакуда камакта экени белгилүү болгон. Мухтарлы "уурдалганын" анын адвокаттары билдиришкен эле.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Азербайжан өкмөтүнөн Мухтарлыны бошотууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG