Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Трамптын иммигранттар тууралуу cөздөрү сынга кабылды


АКШнын президенти Доналд Трамп.
АКШнын президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп иммиграция маселесин талкуулаган жыйында адепке жатпаган сөздөрдү айтпаганын ишарат кылды. Америкалык маалымат каражаттары Трамп бейшемби күнү Ак үйдө мыйзам чыгаруучулар менен жолукканда Гаитиден жана Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттарды "чыладан чыккандар" деп мүнөздөгөнүн кабарлап чыгышкан.

"Жыйында мен кескин сөздөрдү колдондум, бирок жанагындай сөздөрдү колдонгон эмесмин",-деп жазды Трамп Твиттердеги барагына.

Трамп өз сөзү менен бир нече өлкөнү кемсинткенин алгач "Washington Post" басылмасы окуя менен жакындан тааныш булактарына таянып жазып чыккан. Мындай кабарлар АКШнын өзүндө жана чет өлкөлөрдө катуу сынга кабылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча атайын өкүлү Руперт Колвилл "Трамп айтты" деген сөздөр расизмге барабар экенин билдирди.

Вашингтондогу жыйында өспүрүм кезинде ата-энелери АКШга мыйзамсыз алып келген мигранттарды мыйзамдаштыруу маселеси талкууланган.

Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Радж Шах бул маалыматты четке каккан жок. Ал "чет өлкөлүктөрдүн жыргалчылыгына кам көрүүнү чечкен айрым вашингтондук саясатчылардан айырмаланып, Трамп ар дайым америкалыктардын кызыкчылыгы үчүн күрөшөөрүн" белгиледи.

XS
SM
MD
LG