Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Чехия: президенттин добуш берүүсү үзгүлтүккө учурады


Земан добуш берерде четте күтүп турган аял: "Земан - Путиндин сойкусу!" деп кыйкырып, анын маңдайына чуркап келди. 12.1.18.
Земан добуш берерде четте күтүп турган аял: "Земан - Путиндин сойкусу!" деп кыйкырып, анын маңдайына чуркап келди. 12.1.18.

Жума күнү Чехиянын борбору Прагадагы добушканалардын биринде чех президенти Милош Земандын жолун үстүңкү кийими жок жарым жылаңач аял тороп чыкты. Земан добушканага киргенден көп өтпөй четте күтүп турган аял үстүңкү кийимин чечип жиберип, "Земан - Путиндин сойкусу!" деп кыйкырган бойдон президенттин маңдайына чуркап келди. Активист кыз дал ушундай ураанды төшүнө да жазып алган.

Жансакчылар аны дароо жерге басып жыгышып, президент Земанды добушканадан тезирээк алып чыгып кетишти. Активист кызды жансакчылар алып кетишкенден кийин чех президенти кайра келип, добуш бергени белгилүү болду.

Чехиядагы шайлоо: Земанга каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

Чехияда 12-январда эки күндүк президенттик шайлоо башталды. Анда өлкөнүн азыркы президенти Милош Земан баш болгон тогуз талапкер ат салышууда. Химия профессору жана Чехиянын Илимдер академиясынын эки жолку президенти Йиржи Драгош Земандын эң башкы атаандашы катары каралууда.

Калган атаандаш талапкерлер - Павел Фишер, Петр Ганниг, Марек Гилшер, Михал Горачек, Иржи Гинек, Вратислав Кулганек жана мурдагы өкмөт башчы Мирек Тополанек.

Чехияда 8,4 миллион шайлоочу бар. Добушканалар ишембиде (13-январда) саат 14:00дө жабылып, ошол күнү кечинде кечинде алгачкы жыйынтыктар белгилүү боло баштайт.

Иммиграцияга каршы турган жана орусиячыл катары мүнөздөлгөн азыркы президент Земан шайлоодо алдыга чыгат деген божомолдор бар.

Жарым-жартылай жылаңач аялдардын мындай акциясын адатта "Фемен" кыймылы уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG