Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:58

Кыргызстан Түркия менен эт экспорту боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө


Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов.
Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов.

Бул тууралуу Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов Түркиянын Кастамону шаарындагы жолугушууда билдиргенин түрк басылмалары жазды.

"Биздин Түркияга экологиялык жактан эң таза Нарындын этин экспорттогонго мүмкүнчүлүгүбүз бар",-деди Кайыпов.

Учурда губернатор Аманбай Кайыпов баш болгон делегация жана жеке ишкерлер тобу Түркияда жүрөт.

Түркиянын 82 миллиондон ашык калкы бар. Түрк статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, жылына орточо эсеп менен ар бир түрк жараны 25 кг эт жейт. Учурда чекене базарда уй этинин бир килосу 13 доллардан сатылат. Түркияга эт көбүнчө Сербия, Аргентинадан келет. (ElB)

XS
SM
MD
LG