Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Петропавловск: имамдар ысырапкорчулукту чектемей болушту

Петропавловсктогу имамдардын жыйыны, 12-январь 2018-жыл.
Петропавловсктогу имамдардын жыйыны, 12-январь 2018-жыл.

Казакстандын Түндүк-Казакстан облусунун имамдары өлгөн кишиге куран окутуп, аш берүү сыяктуу диний жөрөлгөлөрдө ашыкча чыгымдарга тыюу салган чечим кабыл алышты. Имамдардын жолугушуусу Петропавловск шаарындагы "Кызылжар" мечитинде 12-январда өттү. 

Имамдардын айтымында, бул чечим шариаттын жол-жоболоруна каршы келген ысырапкорчулукту токтотууну жана үй-бүлөлөрдүн материалдык чыгымын азайтууну көздөйт. 

Имамдардын чечимине ылайык, маркумду акыркы сапарга узатууда кийим жана килем сыяктуу кымбат баалуу буюм-тайымдарды таратууга, көп чыгым жумшап элди коноктоого тыюу салынат. Чечимдин аткарылышын облустук, шаардык, райондук жана айылдык мечиттердин жетекчилери, жергиликтүү молдолор көзөмөлдөшөт. 

XS
SM
MD
LG