Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 01:32

Бул тууралуу 12-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алмаз Балтабаев каржы пирамидасына азгырууну алдын алууга арналган жыйында билдирди. Анын айтуусунда, учурда үч каржы пирамидасын уюштурган, алдамчылык менен иш жүргүзүп келген компания боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, алардын бири акчасын алдырган жарандарга толугу менен каражатты кайтарып берген:

- Жол жээгинде "ири өлчөмдөгү айлык төлөнөт" деп ишке чакырган жарнактарга ишенбөөгө чакырабыз. Түшүнбөстүктүн айынан жарандарыбыз азгырылып, көп суммадагы акча карыз болуп калып жатышат. Учурда алдамчылык менен иш жүргүзгөн эки компаниянын жетекчилигин жоопко тартып жатабыз. 2019-жылдан баштап жаңы мыйзам каралып чыкса, азгырган ортомчуларга да чара көрүлөт.

12-январда Ош шаар жетекчилиги каржы пирамидасына азгырылган жарандар көп болуп жаткандыктан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселесин көтөрүп, жыйын өткөрдү. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Ош ШИИБнын, Ош шаарынын каржы полициясынын өкүлдөрү, аймактык кеңештин төрагалары жана банк кызматкерлери катышты.

Жыйында шаар ичиндеги ар бир аймактык кеңеште каржы пирамидасына шаардыктардын алданып калуусун алдын алуу боюнча иш-аракеттери байма-бай жүргүзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда "Алтын жашоо", "Алмаз" жана башка аталыштагы түрдүү каржы пирамидаларына акчаларын алдатып, сызга отуруп калган жарандар арбын.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG