Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:25

Өкмөт башчы Манас районундагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Таластагы жаңы мектеп. 12-январь, 2018-жыл
Таластагы жаңы мектеп. 12-январь, 2018-жыл

Премьер-министр Сапар Исаков райондун Май айылындагы Шабданбек Кочкорбаев атындагы 320 орундуу орто мектепти 12-январда ачты. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун мектептин ачылышында билдиргенине караганда, Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул айылда жаңы мектеп курулган эмес.

Премьер-министр өкмөттүн атынан мектепке 16 компьютер, 4 проектор жана 5 телевизор тапшырды. Сапар Исаков бул саамалыкты өлкөнүн өнүгүүсүнүн көрсөткүчү деп белгилеп, өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында илим-билимге көп басым жасаларына ишендирди.

Таластын Манас районунун Май айылында буга чейин 220 орундуу мектепте 730 окуучу үч нөөмөт менен окуп келишкен.(AlS)

XS
SM
MD
LG