Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Астанада жол кырсыгынан кыргызстандык жаран набыт болду


Казакстанда ушул жумада катуу бороон болуп, айрым жолдор жабылган.
Казакстанда ушул жумада катуу бороон болуп, айрым жолдор жабылган.

12-январь күнү саат 13.00 чамасында Астана-Караганда жолундагы автоунаа жол четинде бараткан жөө адамды коюп кеткен. Кырсыктан машине сүзүп кеткен адам каза тапкан. Маркум Казакстан аркылуу Орусияга бара жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун 45 жаштагы тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Автоунааны казакстандык Ерлан аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал катуу бороондон улам жолдо бара жаткан жөө кишини байкаганын билдирген. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жеткирүү аракетин көрүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG