Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Кыргызстандык дуэт Казакстандагы сынакта 1-орунду алды


Шахжохан Маманазаров жана Шайырбек Абдурашит уулу
Шахжохан Маманазаров жана Шайырбек Абдурашит уулу

Казакстандын Астана шаарында өткөн Art premium аталышындагы I эл аралык музыкалык сынакта кыргызстандык Шахжохан Маманазаров менен Шайырбек Абдурашит уулу 1-орунду ээледи. Бул тууралуу "Азаттыкка" Шахжохан Маманазаров билдирди. Анын айтуусунда, сынак 4-7-январ күндөрү өтүп, ага Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Республикасынан 84 өкүл катышты. Жеңүүчүлөр 10 жанрда ар кайсы жаш куракта өз-өзүнчө аныкталган.

Шахжохан Маманазаров домра-прима аспабында, Шайырбек Абдурашит уулу аккордеондо ойноп, 16 жаштан 18 жашка чейинкилер арасында өнөрлөрүн тартуулашты. Алар италиялык композитор Витторио Монтинин "Чардаш" аттуу чыгармасын ойноп, калыстардын жогорку баасына татыган жана 1-орунду ээлегендиги тууралуу дипломго, ошондой эле кубокко ээ болушкан.

Жаш таланттар Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайда билим алышат. (ECh).

XS
SM
MD
LG