Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда 13-16-январда аба ырайы туруксуз болуп, айрым аймактарда кар көп жаайт. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -30...-35 градуска чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
14-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаап, айрым жерлерде кар көп жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…1 градус болот.
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус суук.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3 градуска жылыйт.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9 градус суук болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 градуска чейин төмөндөйт.
14-январда Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү температурасы -1…-3° суук болот.