Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Орусия Крымга дагы бир аскерий комплекс жайгаштырды


Феодосиядагы С-400 зениттик ракеталары
Феодосиядагы С-400 зениттик ракеталары

Орусиянын дагы бир С-400 зениттик ракетасы аннексияланган Крымга жайгашканын орусиялык маалымат каражаттары 13-январда жазып чыгышты.

10-январь күнү Мамдуманын Севастополдон шайланган депутаты Дмитрий Белик отурумда сүйлөгөн сөзүндө жарым аралда абадан коргонууну күчөтүү "украиналык ракета жасоочулар үчүн эскертүү болорун" айткан.

Бир жыл мурун Орусия Крымдын Феодосия аймагына С-400 зениттик-ракеталарын жайгаштырган болчу.

Ошондой эле жакынкы убакта ФСБнын катышуусу менен аймакта аскерий машыгуулар өтөрү кабарланууда. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү тынчсыздануусун билдиришти.

Аннексияланган Крымга орусиялык аскерлердин жайгаштырылуусун Киев баскынчылык катары мүнөздөп келет.

XS
SM
MD
LG