Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан төрт киши каза тапты


Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен "Опел-Зафира" үлгүсүндөгү жеңил автомашина кагышкан. 13-январь, 2018-жыл
Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен "Опел-Зафира" үлгүсүндөгү жеңил автомашина кагышкан. 13-январь, 2018-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 13-январда саат 14:10дор чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен "Опел-Зафира" үлгүсүндөгү жеңил автомашина кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил автоунаадагы төрт киши каза болуп, үч адам жаракат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, сөөктөрдү унаадан чыгарууга жана жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөткөн.

Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына, ал эми каза болгондордун денелери ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилди.

Окуя боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG