Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча келишим түзүлдү


Кыргызстандагы интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында иш алып барган "Тынчтыктын мониторингдөө сервиси" компаниясы Коомдук 1-канал менен узак мөөнөттүү келишим түзүп, аталган каналга тиешелүү телерадиоканалдардагы музыкалык чыгармалардын статистикасын даярдоо жана мониторинг жүргүзүү милдетин алды. Бул тууралуу "ТМС" компаниясынын негиздөөчүсү Тынчтыкбек Кожобеков маалымдады. Анын айтуусунда ТМС КТРКнын "Кыргызпатент" мекемесине берүүчү отчет-баяндамаларын даярдайт:

- Биздин автоматташтырылган технологиябыз алынган маалыматтардын сапатына кепилдик берет. Натыйжада, мамлекеттин музыкалык индустриясындагы автордук укукту коргоо жаатындагы алдыга кадам ташталат десек болот. Бүгүнкү күндөгү жасалган жакшы иштин үзүрүн "Кыргызпатент" да, аткаруучулар да, авторлор жана композиторлор да жакын арада байкашат жана көрүшөт.

Тынчтыкбек Кожобековдун айтуусунда бул кадам "Таза коом" долбоорун ишке ашыруудагы КТРК менен ТМСтин чоң салымы болуп эсептелет.

Сервис радиодон жана телеканалдардан ырлар, видео жана аудиороликтер канча жолу, кайсы убакытта кете турганын автоматтык түрдө эсептеп, ай сайын жыйынтыгын чыгарып турат.

Былтыр декабрда ырчы, обончу, акын-жазуучулардан турган элүүдөн ашык өнөрпоз “Кыргызпатент” мекемесинде чогулуп, автордук укуктарын коргоону талап кылышкан. Алар ырдын сөзүнө, обонуна калем акы өндүрүүнү жакшылап көзөмөлгө алыш керек деп эсептешет. Жыйынга катышкандардын айрымдары клип чыгаргандар ырдын сөзүнүн жана обонунун авторлорун көрсөтпөгөн учурларга да нааразылыгын билдиришкен.

Кыргызстанда “Автордук укук жөнүндө” мыйзам бар. Бирок бүгүнкү күнү музыкалык чыгармаларга жана башка интеллектуалдык менчикке карата укуктарды коргоо маселеси курч экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG