Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

АКШ "ВКонтакте" тармагын "пираттык тизмеге" киргизди


АКШнын соода өкүлчүлүк мекемеси "пираттык контент" таратып жатат делген дүйнөлүк ири интернет-ресурстардын тизмесин жарыялады. Анын ичинде орусиялык "ВКонтакте" социалдык тармагы да бар. Мекеменин өкүлү Роберта Лайтхайзердин белгилөөсү боюнча, "ВКонтакте" сайты ай сайын миңдеген пираттык файлдарды жайгаштырат. Бул тууралуу "Голос Америки" радиосу кабарлады.

2016-жылы "ВКонтакте" белгилүү үн жаздыруучу компаниялар менен келишим түзүп, музыка угуунун тартибин өзгөртүп, музыкалык фонду күнүнө жарым саат гана коюуга уруксат берген.

Пираттык деп саналган ири эл аралык интернет-ресурстардын ичинде орусиялык Rutracker.org, Rapidgator.net сайттары жана kinogo.cc. интернет кино-театры да бар.

XS
SM
MD
LG