Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:01

Чеченстанда депутаттар дүйнөнү Трамптан сактап калууга чакырышты


Магомед Даудов
Магомед Даудов

Чечен парламентинин депутаттары АКШ президенти Дональд Трамп дүйнөгө коркунуч алып келет деп эсептээрин спикер Магомед Даудов Myilistori социалдык тармагына жазды. Анын сөзү боюнча, депутаттар БУУ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдары баштаган дүйнөлүк коомчулуктан Трамптын ишмердигине тоскоол болууну өтүнүшкөн. "Дональд Трампты токтоткула! Бул шоумен мындан ары да АКШнын башында турса, бүткүл дүйнө жүзү согуш желесине илиниши ыктымал" деп жазышкан.

Даудов президент Трампты Гуантанамо түрмөсүнө камаш керек деп билдирген.

XS
SM
MD
LG