Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Бишкек-Ош жолунда кырсыктаган секелектин абалы оор


Кырсык болгон жер. (ӨКМдин сүрөтү)
Кырсык болгон жер. (ӨКМдин сүрөтү)

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыкта жабыркагандардын ичинен жети жаштагы кыздын абалы оор. Анын башы жарылган, учурда эсине келе албай жатат. 19 жаштагы жигиттин мээси чайкалып, буту сынган. Абалы орто туруктуу деп бааланууда. Ал эми 55 жаштагы эркектин жамбашы кокустаган.

13-январда түш ченде Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил автомашина кагышкан. Натыйжада жеңил автоунаадагы төрт жүргүнчү ошол жерден жан берген. Ал эми жаракат алган үч киши Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.

Министрлик жаракат алгандарга санавиация аркылуу тиешелүү адистердин көмөгү көрсөтүлгөнүн маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG