15-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаап, айрым жерлерде кар калың жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -10…-15 градус суук болот.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүзү 0…-5, Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус суук болот.
Бийик тоолуу райондордо суук түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 градуска чейин жетет.
15-январда Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы -7…-9°, күндүз -1…-3° суук болот.