Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Гавайидеги жалган тревогага адам фактору себепкер


АКШнын ракетадан коргонуу системасын сыноо учуру (архив)
АКШнын ракетадан коргонуу системасын сыноо учуру (архив)

Гавайи штатынын бийлиги аралга учуп келе жаткан ракета тууралуу жалган маалымат Чукул кырдаалдар башкармалыгынын кызматкеринин күнөөсү менен жиберилгенин маалымдашты. Ал нөөмөт алмашуу учурунда туура эмес кнопканы басып алган.

13-январда аралдын жашоочуларынын кол телефондоруна "баллистикалык ракета жакындап келе жатканы" тууралуу билдирүү 38 мүнөт бою келип турган. Коркуп кеткен адамдардын айрымдары үйлөрүндө жуунчу бөлмөлөргө, агынды суулардын түтүктөрүнө жана башка коопсуз деп эсептешкен жерлерге жашынышкан.

Штаттын губернатору Дэвид Игэ мындай окуя экинчи ирет кайталанбасы үчүн тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кабарлады.

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы мамиленин чукул курчуп кетүүсүнө байланыштуу, жакында эле аралда өзөктүк кол салуу ыктымалдыгы тууралуу маалымдоо системасы кайрадан текшерилген болчу. Мындай маалымдоо системасы "кансыз согуш" учурунан бери иштебей турган.

XS
SM
MD
LG