Ирандын сот системасынын өкүлдөрү декабрдын соңунда башталган өкмөткө каршы демонстрацияларга катышканы үчүн 400 киши камакта экенин билдирди.
Сот бийлигинин расмий өкүлү Голамхосейн Эхеи 14-январда маалымдагандай, алдыңкы күнү бир нече киши бошотулду, кармалгандардын 55и Тегеранда.
Өткөн жумада реформачыл депутат Махмуд Садеги, өлкө аймагы боюнча 3 700дөй киши кармалганын айткан. Өкмөткө каршы акцияларга чыккандар экономикалык абалга жана коррупцияга нааразылыгын билдиришкен. Айрым жерлерде режимди кулатуу чакырыктары да айтылып келди.
7-январда парламент коркунуч жаратпаган демонстранттар, өзгөчө студенттер кое берилиши керек, бирок акциялардын лидерлери жазаланууга тийиш деп билдирген.