Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:35

Бишкек милициясы жөнөкөй жарандарды кызматка чакырууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кайгуул-күзөт кызматынын полку кайрадан негизделгенине байланыштуу 30 жашка чейинки жарандарды кызматка чакырууда. Негизги талаптардын бири - аскер кызматын өтөгөн, аскердик билети бар, катардагы кызматка жарамдуу жаштар болушу керек. Бул тууралуу Бишкек милициясынын өкүлү Жанарбек Жунушев “Азаттыкка” кабарлады.

- 2016-жылы милициянын кайгуул-күзөт кызматынын полку жокко чыгарылып, патрулдук милиция башкармалыгы болуп калган. Былтыр ноябрда башкармалык жоюлуп, полк кайрадан түзүлдү. Ошондуктан полктогу бош орундарга уландарды жумушка чакырып жатабыз.

Бишкек милициясы бул полкко 80ден ашуун талапкерди тандап алышы керек. Каалоочулар (0312) 53-22-03; (0708) 03-48-58; (0703) 93-11-53 номерине чалса болот.

Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен былтыр ноябрда Кайгуул-күзөт кызматы Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык болуп өзгөргөн. Кызматкерлердин кийими менен машинесинин түсү да өзгөрдү. Эксперттер кызматкерлердин тышкы формасы өзгөргөн менен натыйжа болоорунан күмөн санап жатышат. (КЕ)

Кайгуул кызматы: "форма" өзгөртүү реформабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

XS
SM
MD
LG