Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети "Идеал хаус" шаарчасы боюнча иликтөө даярдаган журналист Элнура Алкановага байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигине кат жолдоду. Анда кайсы мыйзамга таянып журналистке өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы боюнча суроо коюлган.
Буга чейин журналист Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишинде күбө катары суракка чакырылган.
Аталган кызмат бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирүү менен чектелүүдө. Бул мекеменин чечими менен Элнура Алканованын Кыргызстандан сыртка чыгышына тыюу салынган эле.
Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттеж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген. Ал мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын мүлкү болгону жана улутташтырылганы айтылган. Бул иш боюнча иликтөө жүргүзгөн журналист Элнура Алканова мүлктү сатууда мыйзамсыз иштер бар экенин, ага өкмөт башчы Сапар Исаковдун жакындары аралашканын жазган. Андан соң премьер-министр чуулгандуу "Идеал хаус" шаарчасына байланышкан видеороликти жана андагы маалыматтарды териштирүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.
Сөз эркиндигин коргоо комитетинин катында журналисттин өлкөдөн чыгышына тыюу салуу анын ишмердүүлүгү менен түзмө-түз байланышы бар экени белгиленип, аны басмырлоо болуп жатканын, анын жарандык жана Конституциялык укуктарды бузулуп жатканы айтылган. (КЕ)