Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:52

Жарандарга юридикалык кызмат көрсөткөндөрдүн картасы түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандарга юридикалык кызмат көрсөткөндөрдүн интерактивдүү картасы жаңыртылып, кыргыз жана орус тилдеринде кайра түзүлдү. Картаны Кыргызстандын Юстиция министрлиги USAIDдин "Биргелешип башкаруу" программасынын колдоосу менен ишке ашырууда. Эми жаңыланган интерактивдүү карта жарандардын укуктук маалыматка жетишин жакшыртат жана кызмат көрсөткөндөрдү издөө процессин жеңилдетет.

Анда өлкө боюнча 1 473 юридикалык кызмат көрсөтүүчү жөнүндө маалымат камтылган. Алардын арасында мамлекеттик жана коомдук уюмдар бар.

Жарандар www.legalmap.gov.kg сайтынан акысыз юридикалык жардам борборлору, соттор, прокуратуралар, милиция бөлүмдөрү, аймактык адвокатуралар, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыктар, нотариустар, акысыз юристтер жана адвокаттар, кризистик борборлор, аксакалдар соттору, аялдардын кеңештери, менчик юридикалык фирмалар, жеке адвокаттарды издей алат. legalmap.gov.kg жаңы мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, ал "Android" мобилдик түзүлүштөрү үчүн жеткиликтүү жана аны Интернетке кошулбастан эле колдонууга болот. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG