Бүгүн Москванын Таганск соту оппозициялык саясатчы Илья Яшиндин мэр Сергей Собянинге байланыштуу жазган арызын карайт. Яшин "жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарына аралашкан" деп мэрияны айыптоодо.
“Биз Москва мэриясы 24-декабрдагы “Шайлоонун эркин күнү” майрамына мыйзамсыз тыюу салган деп эсептейбиз. Ошондуктан мэриянын бул аракетин сот расмий түрдө мыйзамсыз деп тааныйт деп үмүттөнөбүз”, - деп билдирген Яшин “Эхо Москвы” радиосу менен болгон маегинде.
Илья Яшин 24-декабрда Москвадагы Лермонтов бакчасында “Шайлоонун эркин күнү” деген жүрүш уюштурган. Ага катышкан 2 миңге жакын адам 18-мартта президенттик шайлоонун эркин, акыйкат жана атаандаштык шартта өтүшүн талап кылышкан. Москванын жетекчилиги жана жергиликтүү полиция иш-чара мыйзамсыз уюшулганын айтып, башында Яшиндин ата-энесин суракка алган. 28-декабрда полиция аны камакка алганын Яшин "Твиттердеги" баракчасына жазган.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячы Алексей Навальныйды талапкер катары каттабай, жарыштан четтеткен. Мындан кийин Кремлдин башкы сынчысы орусиялыктарды келерки президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган. (КЕ)