Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Тегизчил айылында үйдөн чыккан өрттөн эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, каза болгондор ушул айылдын 69 жаштагы жана 54 жаштагы тургундары экени белгилүү болду. Алдын-ала божомол боюнча, өрттүн чыгышына өрт коопсуздук эрежелери сакталбаганы себеп болгон. (BkA)