Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Депутат Исаевдин адвокаты сот өкүмүнө каршы арызданды


Соттук отурум көрсөтүлүп жаткан учур.
Соттук отурум көрсөтүлүп жаткан учур.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12 жылга эркинен ажыраткан Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин адвокаттары өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна доо арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын жубайы Жамиля Исаева кабарлады. Анын айтымында, 12-январда Исаевдин адвокаты Бакыт Осмоналиев шаардык сотко арыз менен кайрылган. Бүгүн анын дагы бир адвокаты Сергей Слесаров кайрылууга камданууда. Алар "райондук сот мыйзамды бузуу менен депутатка өкүм чыгарды" деген жүйө келтирип жатышат.

4-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

Сот депутатты "2010-жылга чейин Токмок шаарын жетектеп турганда кызматынан пайдаланып мыйзамсыз иштерге барган" деп тапты. Исаев менен бирге Токмок шаардык мэриясынын мурдагы эки кызматкери да он жылдан абакка кесилди. Бирок Исаев жана анын тарапкерлери бул өкүмдү “саясий буюртма” деп баалашууда.

Канатбек Исаев мындан тышкары "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деп да айыпталып жатат. Былтыр президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган эле. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG