Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

Ала-Бука: алтын ишканасына каршылар акцияга чыгышты


Өрүктү айылы.
Өрүктү айылы.

Ала-Бука районунун Өрүктү айылында алтын казган компанияга каршы нааразылык акциясы өттү. Бул тууралуу акциянын уюштуруучулардын бири, жергиликтүү тургун Нурмырза Сатылбадиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, алтын казган "M-Kg ltd" компаниясы 2015-жылы аймакта казуу иштерин баштаарда ай сайын жергиликтүү бюджетке социалдык пакет үчүн 300 миң сомдон которуп турууга айыл өкмөт менен келишим түзгөн.

Компания келишимдеги сумманы жети ай гана төлөп, андан соң эч себепсиз токтоткон. Учурда компания 6,9 миллион сомго жакын каражатты айыл өкмөткө төлөшү керек.

Учурда жергиликтүү тургундар алтын компаниясы сөз болуп жаткан акчаны которгон соң гана ишти баштоону талап кылып жатышат.

Чогулгандар менен район акиминин орун басары Бектур Сагынбаев жолугуп, көтөрүлгөн талап туура экенин белгилеп, компанияны келишимди аткарууга чакырды. Жыйынтыгында үч күндүк мөөнөт берилип, чогулгандар тарап кетишти.

Компания өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

"M-Kg ltd" компаниясы алтын казуу боюнча лицензияны 2015-жылы алган. Ага ылайык, компания кенди 2027-жылга чейин иштетет.(Rsk)

XS
SM
MD
LG