Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

БУУдагы башкы дипломаттар ооган жетекчилери менен жолугушту


АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 18-декабрь, 2017-жыл.
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 18-декабрь, 2017-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин башкы дипломаттары Кабулга келип, 15-январда ооган президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла менен жолукту. Ооган өкмөтүнүн расмий билдирүүсүнө ылайык, АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли баш болгон дипломаттар Ооганстандын жетекчилери менен өлкөдөгү коопсуздук маселелерин жана алдыдагы парламенттик шайлоону талкуулашты.

Жолугушуу маалында президент Гани БУУнун делегаттарынан Пакистанга көбүрөөк басым көрсөтүүнү суранганы белгилүү болду. Расмий Кабул Исламабадды "талиб жоочуларына жана "Хаккани түйүнүнүн" мүчөлөрүнө башкалка берип жатат" деп айыптап келет.

АКШнын президенти Доналд Трамп да ушул эле маселе боюнча Пакистандын жетекчилигин бир нече ирет сынга алган. Расмий Исламабад мындай дооматтарды четке кагууда.

Кабулга келген дипломаттардын арасында Кытайдын, Орусиянын жана Британиянын БУУдагы элчилери, ошондой эле учурда Коопсуздук кеңешине төрагалык кылып жаткан Казакстандын элчиси Кайрат Умаров да бар.

XS
SM
MD
LG