Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Жакупова жана Айыптын камакка алынган мүлктөрүн сатуу талабы коюлду


Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакуповага таандык Ысык-Көлдөгү коттежди жана журналист Нарын Айыптын үлүшү бар батирди сатыкка чыгаруу талабы менен сотко кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чолпон Жакупова кабарлады.

Анын айтымында, тиешелүү арыз менен экс-президенттин өкүлү Нурбек Сыдыков Бишкектин Октябрь райондук сотуна кайрылган. Арызда Жакупова ээлик кылган Ысык-Көлдөгү эс алуу үйүн сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппулду төлөтүүнү талап кылууда. Ал эми Нарын Айып жашаган батирди сатыкка коюу талабы айтылууда. Бул батирдин үчтөн бир бөлүгү гана журналистке таандык. Азырынча бул арыз боюнча соттук отурумдун мөөнөтү белгисиз. Буга чейин соттун чечими менен бул мүлктөр камакка алынган эле.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Өлкөдөгү жана эл аралык уюмдар бул сот чечимине байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, сөз эркиндигине басым катары баалаган эле.

Буга чейин Кыргызстандын журналисттеринин эркин биримдиги 17 медиа жана эл аралык уюм да доого жыгылган журналисттерге каражат топтой баштаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG