Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:31

Жээнбеков учак кырсыгында жакындарын жоготкон балдар менен жолукту


Дача СУ кыштагындагы учак кырсыгынан курман болгондорго арналган эстелик.
Дача СУ кыштагындагы учак кырсыгынан курман болгондорго арналган эстелик.

Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ кыштагындагы учак кырсыгынан жакындарын жоготкон балдар менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков бир жыл мурун болгон кырсыктын күйүтү азыркыга чейин басыла элек экенин айтып, жакындарын жоготкондорго көңүл айтты. Ошондой эле президенттин атынан балдарга белектер тапшырылды.

Ата-энесинен айрылган Шералиев Жакшылык, Абакиров Султан, Райымкулова Элайым, Нурлан уулу Мирлан, Шаршенбеков Эрлан, Урайымов Санжар менен Алымбек кызы Аселге атайын улуттук жана чет өлкөлүк валюталык пайыздуу депозиттик эсептер ачылган. Бул эсепте топтолгон каражаттар алар 18 жашка толгонго чейин сакталмакчы.

Былтыр 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Дача СУ кыштагына жүк ташыган учак кулаган. Андан жергиликтүү 35 тургун, 4 учкуч набыт болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча, учак аэропортко май куюш үчүн токтогону келе жатып кырсыктаганы маалымдалган.

13-январда кырсык болгон жерге эстелик тургузулду. (BkA)

XS
SM
MD
LG