Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Назарбаев менен Трамп Орусия маселесин да талкуулашат


Доналд Трамп жана Нурсултан Назарбаев.
Доналд Трамп жана Нурсултан Назарбаев.

АКШнын президенти Доналд Трамп менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 16-январда Вашинтондо жолугушат. Ак үй эки лидер бул жолугушууда Ооганстандагы кырдаал баш болгон бир катар эл аралык маселелерди талкуулай турганын билдирди.

Казакстандын "Казинформ" мамлекеттик жаңылыктар агенттиги Трамп менен Назарбаев Орусия менен мамиле, Сириядагы согуш жана эки тараптуу соода тууралуу да сүйлөшөөрүн кабарлады.

Назарбаевдин Вашингтондогу иш сапары 19-январга чейин созулат. 9-январда казак президенти АКШнын элчиси Жорж Крол менен Астанада жолугуп, Казакстан террорчулукка каршы күрөш, соода жана өзөктүк куралды жайылтпоо жаатында АКШ менен кызматташтыкты бекемдөөнү каалай тургандыгын айткан.

Буга чейин эки лидер бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Алар алгачкы жолу Сауд Арабиясынын баш калаасы Эр-Риядда май айында өткөн "АКШ-Ислам өлкөлөрү" форматындагы саммитте кездешкен.

XS
SM
MD
LG