Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Чех соту президентке каршы акцияга чыккан аялга өкүм чыгарды


Чехиядагы шайлоо: Земанга каршы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:12 0:00

Чехиядагы шайлоо: Земанга каршы акция.

Чехиянын соту Украинанын жараны Анжелина Диашты Прагадагы добушканада чех президенти Милош Земанга "кол салды" деген негизде үч айга шарттуу кести. Сот чечимине ылайык, активист аял Чехиядан депортацияланат жана ага бир жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Жума күнү президент Земан Прагадагы добушканалардын бирине киргенден көп өтпөй четте күтүп турган аял үстүңкү кийимин чечип жиберип, "Земан - Путиндин сойкусу!" деп кыйкырган бойдон президенттин маңдайына чуркап келген. Жансакчылар аны дароо жерге басып жыгышып, президент Земанды добушканадан тезирээк алып чыгып кетишкен.

Анжелине Диаш Прага сотунун өкүмүн кабыл алаарын айтканы менен өзүнө тагылган айыптарды четке какты.

Чехияда 12-13-январда өткөн президенттик шайлоодо азыркы президент Милош Земан менен химия тармагындагы илимпоз Йиржи Драгош алдыга чыгышты. Алардын кимиси Чехиянын кийинки президенти болоору 26-27-январдагы экинчи айлампадан кийин аныкталат.

XS
SM
MD
LG