Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Депутат Салянованын соту жылдырылды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага байланыштуу Бишкек шаардык сотундагы отурум 18-январга жылдырылды. Буга депутаттын ден соолугу начарлап, ооруканага жаткырылганы себеп болду.

Буга чейин ишти караган соттук коллегиянын башчысы, Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцова Салянованын илдетинен күмөн санап, ал мажбурлап алып келиниши мүмкүн экенин айткан.

Ошондон кийин прокурорлор Аида Салянова көрүнүп жаткан Чүй облустук ооруканасына барып, берилген маалымкаттын чын-бышыгы тууралуу дарыгерлер менен сүйлөшкөн.

Сотко Салянованын дарыгери да келип, ал жатып дарыланууга муктаж экенин билдирген болчу.

Былтыр 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп таап, аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

Эгерде чечим өзгөрбөсө, депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Бул өкүмгө макул болбогон Аида Салянова шаардык сотко арыз менен кайрылган.

Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Прокуратура буга далилдер жетиштүү деп эсептейт. Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, муну “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG