Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:21

Аба ырайы: өлкө аймагында кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-январда кардын калың түшкөнүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

16-январда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…2 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүзү -1…-6, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12 градус суук болот.

16-январда Бишкек шаарында кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын түнкү температурасы -8…-10°, күндүз -3…-5° суук болот.

XS
SM
MD
LG