Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 19:01

Нарындын Жумгал районунда хоккей боюнча республикалык мелдеш өттү. Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Мурат Жакыповдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, мелдешке Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан он команда катышты.

Натыйжада Жумгал районунун "Нуралы аке" командасы жеңүүчү аталды. 2-орунду Бишкектен барган "Кыргыз темир жолу" ишканасынын командасы, 3-орунду “Жумгал Шортон” командасы алды. 4-орунду ээлеген "Ормон хан" (Кочкор) 10 миң сом акчалай сыйлык алды. Турнирдин жалпы байге фонду 120 миң сомду түздү. Ошондой эле төрт командага кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Хоккей боюнча Жумгал районунун ачык чемпиондугу негизделгенине быйыл 20 жыл болду. Бул мелдеш алгач Чаек айылындагы Шортон көлүндө 1998-жылы уюштурулган. (ECh)

XS
SM
MD
LG