Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Кашмирдеги атышуудан бир топ киши окко учту


Талаштуу Кашмир аймагындагы Индиянын жоокери.
Талаштуу Кашмир аймагындагы Индиянын жоокери.

Пакистан менен Индиянын ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында атышуу болуп, андан эки өлкөнүн бир канча аскери окко учканы кабарланууда. Пакистандын армиясы атышуудан төрт аскери окко учканын, Индиянын да үч жоокери мерт болгонун билдирди.

Бирок Индия эч кандай жоготууга учурабаганын 15-январда кабарлап, Кашмирдин Ури деп аталган бөлүгүндөгү башка бир окуяда индиялык аскерлер чек арадан өтүүгө аракет кылган 5 "согушкерди" өлтүргөнүн белгиледи.

Эки тарап 2003-жылы кабыл алынган келишимди кайра ишке киргизүүгө былтыр ноябрь айында макулдашканы менен андан бери ок атышпоо келишими бир нече жолу бузулду.

Индия Пакистанды "жоочуларды жөнөтүп, Кашмирде чабуул коюп жатат" деп айыптап келет. Пакистан бул дооматтарды бир нече жолу четке каккан. Эки өлкө Кашмир аймагын 1947-жылдан бери талашып келатат.

XS
SM
MD
LG