Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Орус министрлиги Навальныйдын фондун жабууну талап кылууда


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын Юстиция министрлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын штабдарынын ишин камсыз кылган фондду жоюуну талап кылып сотко кайрылды. "Жылдын бешинчи мезгили" деп аталган бул фонд боюнча арыз Москванын Мещанский сотунда 22-январда карала турган болду.

Ноябрда Юстиция министрлиги Кремлге ыктаган юрист Илья Ремеслонун арызынын негизинде фонддун ишин текшере баштаган. Юрист Ремесло Алексей Навальный менен анын штабынын жетекчиси Леонид Волковду алдамчылык боюнча айыптаган.

Навальныйдын аймактардагы штабдарынын кеңселери "Жылдын бешинчи мезгили" фонду тарабынан ижарага алынган. Леонид Волков бул фонд мыйзамдуу иш алып барарын, Навальныйдын тарапкерлери берген акча шайлоо өнөктүгүнө жумшалып жатканын айтты.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Алексей Навальныйга 2018-жылдын март айында өтүүчү шайлоого катышууга уруксат берген эмес. Комиссия бул чечимин активисттин буга чейин соттолгону менен негиздеген.

Муну саясий чечим катары мүнөздөгөн Навальный үгүт иштерин улантып келе жатат.

XS
SM
MD
LG