Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

“Бир дүйнө - Кыргызстан” менен УКМКнын соту жылдырылды


УКМК.
УКМК.

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык соту "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке байланыштуу ишти карап, соттук жараян 25-январга жылдырылды. Буга УКМК кызматкеринин ишеним каты туура эмес болуп калганы себеп болду. Бул тууралуу укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова “Азаттык” радиосуна билдирди. Укук коргоочу бир жыл мурда башталган соттук иш атайылап создуктурулуп жатат деп эсептейт.

- Сот УКМК өкүлү Алибек Алибаевдин кагаздарын карап, "фирмалык кагазда мөөр болушу керек, Сегизбаевдин колу бар экен. Бирок документтер, каттар мыйзамга шайкеш келбегендей жазылса аны өкүл катары ала албайбыз. Сиздин УКМКнын өкүлү катары документиңиз 31-декабрды бүтүптүр, азыркынын мөөрү жок" деп 25-январга которду. Соттун жүрүп жатканына бир жылга жакындап калды. Өздөрү доо арыз берип, анан ушинтип даярданбай келип жатышканы таң калычтуу. Мыйзам бузулуп жатат. Адвокат дагы Оштон учуп келген болчу.

Бул окуя былтыр 24-январда башталган. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ошто "Хизб-ут Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөсү деген шек менен кармалган жарандын үйүнөн өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырган дисктер менен катар "Бир дүйнө - Кыргызстандын" "Өз укугуңду коргой бил" деген китепчелери табылганын жарыялаган. Ошондой эле анда "тергөөдөгү адамды кармоо маалында "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун өкүлдөрү элди чогултуп, чыр чыгарууга аракет кылган" деген маалымат да камтылган. Ошондон улам атайын кызмат өкүлдөрү "тергөө иштерине тоскоолдук кылуу" деген негизде кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын билдирген.

13-февралда "Бир дүйнө - Кыргызстан" жогорудагы маалыматтар уюмдун кадыр-баркына шек келтирерин билдирип, сотко кайрылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 30-октябрда "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын УКМКга каршы арызын жарым-жартылай канааттандырган. Сот атайын кызматты туура эмес маалымат тараткан деп таап, аны расмий төгүндөөнү милдеттендирген. Укук коргоо кыймылы бул чечимди прецедент деп, жарандык коомдун жеңиши катары баалаган болчу.

Кийин УКМК Биринчи май райондук сотунун чечими тууралуу Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG