Сербия менен Монтенегро 2025-жылы Европа Биримдигине кошулууга даяр болуп калышы керек. Бул тууралуу Европа комиссиясынын Батыш Балкан аймагы боюнча стратегиясынын долбоорунда айтылат. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары көрүүгө мүмкүнчүлүк алган бул документ 6-февралда ачык жарыяланганы турат.
Долбоорго ылайык, Албания, Босния жана Герцеговина, Косово жана Македония 2025-жылга чейин уюмдун мүчөсү болуу үчүн коюлган талаптардын басымдуу бөлүгүн аткарган болот.
"Батыш Балкандагы өнөктөштөргө тарыхый мүмкүнчүлүк ачылып жатат",-деп жазылат документте.
Бирок Еврокомиссия аталган өлкөлөр "күчтүү саясий эркти көрсөтүп, чыныгы реформаларды ишке ашырганда гана уюмга мүчө боло алаарын" белгилеген.
Жаңы стратегия Евробиримдиктин лидерлеринин март айында Брюсселде өтүүчү жыйынында талкууланат деп күтүлүүдө.